Актуалдуу инфекцияларга каршы популяциялык иммунитетке баа берүү
Маалымат үчүн телефон 0312 300053
Маалымат үчүн Email Logvinehko@mail.ru
9-ноябрдан 20-ноябрга чейин
Кымбаттуу достор! Сиздер вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга каршы иммунитетиңиздин абалы жөнүндө АКЫСЫЗ маалымат ала аласыздар!
Россия Федерациясынын Роспотребнадзору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлиги менен бирдикте вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргыз Республикасынын тургундарын кызамыкка, кызылчага, эпидемиялык паротитке, SARS-CoV-2 коронавирусуна, вирустук гепатиттеринин А, В, С, D, Е түрлөрүнө акысыз тестирлөөдөн өткөрүүдө.
Популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондо, ошондой эле бүтүндөй өлкөдө калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл. Эгерде сиз изилдөөгө катышууну кааласаңыз, изилдөөгө жазылуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз.
Кан алуу жайына барганда, эмдөө сертификатыңызды (Эгер бар болсо) өзүңүз менен ала барыныз.
Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөө жыйынтыгы ар бир катышуучу ыктыярчыга берилет.